Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектептин окуу бөлүм башчылары үчүн семинар болуп өттү

2021-жылдын 9-февраль күнү Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу А.Навои атындагы №4 орто мектебинде мектептин окуу бөлүм башчылары үчүн семинар болуп өттү.

Семинардын темасы:  

  1. Кыргыз Республикасынын мектептеринин мугалимдери тарабынан жүргүзүлүгө милдеттүү иш-кагаздардын тизмеси  менен тааныштыруу.
  2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 28-декабрындагы №1097/1 буйругу менен тааныштыруу.

Семинарга Базар-Коргон  райондук  билим берүү жана илим кызматкерлеринин   профсоюзунун  төрагасы  С. Жаркынбаев,  Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Б.Айдарова  жана  66  окуу бөлүм башчылары катышышты.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар жогорудагы темалар боюнча талкулап, суроо жоопторду беришип, керектүү маалыматтарды алышып, семнар пайдалуу болду.

Райкомдун  төрагасы  С.  Жаркынбаев  семинар катышуучуларынын ар түрдүү суроолоруна,  атап  айтсак  эмгек акы, стим фонд, мектеп коопсуздугу жана мектеп ремонтору  боюнча  жооп  берди. Ошондой эле райкомдун төрагасы  С.  Жаркынбаев    мектептин ишинде  окуу бөлүм башчыларынын эмгектери зор экендигин билдирип, алардын  иштерине ийгиликтерди каалады.

 

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов