Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Мектепти китепканасыз, китепти окурмансыз элестетүү кыйын»

Китеп адамдын жанына чындыктын үрөөнүн себүүчү

Китеп бир муундун экинчи муунга калтырган осуяты

Китепсиз дүйнө жапайылардын дүйнөсү.

    Биз балдардын өз максаттарына умтулуусун канчалык эрте колдосок, алардын ошончолук күчтүү, эркин өз алдынча инсан болуп өсүшүнө жол ачабыз. Китеп окуунун ролун окуу тарбия процессинде жогорулатуу, окуучуларды активдүү окууга тартуу, жаш муундардын жан дүйнөсүн байытуу максатында Кадамжай районунда 2017-жылдын 28-ноябрында «Мектепти  китепканасыз, китепти окурмансыз элестетүү кыйын» деген темада китепканачылардын райондук семинары болуп өттү. Семинардын башкы максаты мектеп китепканасынын иш кагаздарын жүргүзүлүшүн уюштуруу, китепкананын материалдык базасын байытуу, окурман менен китепкананын байланышын арттыруу.

      Иш чара №54 Эшме орто мектебинин базасында болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө  «Китепкана жана китепкана документтери менен тааныштуруу»,  «Көп окуган көп билет»,  «Улуттун маданиятын ата-салтын, тилин дилин сыйлайлы жана сактайлы», «Китеп дүйнөсү укмуш дүйнө», «Ата-журтум  - ата мурасым», «Чынгыз – дүйнөдөгү өчпөс жылдыз» деген темадагы ачык тарбиялык саттар өтүлдү.

      Иш чаранынын сонунда Улуу мундун өкүлдөрү жаш окурмандарга билим деӊгээлдерин жогорулатууга, жан дүйнөсүн байытууга, тил маданиятын өркүндөтүүгө китеп окуунун пайдалуулугун белгилеп, китеп окууга үндөдү.