Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектепте өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чара

Жакында Ысык-Көл областынын  Ак-Суу районундагы Кайырма-Арык айылындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде Асан Деркембаевдин аты мектепке коюлгандыгынын  25 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

      Көрүнүктүү коомдук ишмер Асан Деркембаевдин өмүр баяны боюнча мектептин тарых мугалими Арыкбаев Малик маалымат берди жана бул мектептин түптөлүшүнө негиз болгон зор салымын айта  кетти.

     Асан Деркембаев Кыргыз ССР министрлер Советинин материалдык жабдуу боюнча башкы башкармасынын башчысы болуп иштеп турган кезде өзү туулуп-өскөн Кайырма-Арык айылына мектеп салуу боюнча мамлекеттик планга киргизүү менен мектеп 1971-жылы салынып баштап 1973-жылы бүткөрүлүп, биринчи жолу район боюнча бир смендүү мектеп катары иштеген.

     1993-жылы Кайырма-Арык айылындагы жалпы билим берүүчү орто мектепке Асан Деркембаевдин аты ыйгарылып, бул белгилүү инсандын музейи уюштурулган. 1998-жылдан тартып А.Деркембаев атындагы стипендия жакшы окуган окуучуларга демилге катары берилип келет.

     Салтанаттуу иш чарага карата мектепте «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин»- деген темада тарбиялык ачык сааттар өтүлүп, А.Деркембаевдин өмүрүнө, ишмердүүлүгүнө карата көргөзмө көрсөтүлдү.

     Иш чарада райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Л.Кенжебаева, райондук профсоюз комитетинин башкы адиси А.Төрөева, Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Жумашев, ардагер мугалимдер Ж.Шыйкымбаева, Ш.Бейшебаева, Б.Шурубекова, У.Орозбаева, ардагер аксакалдар Б.Жумаев, Э.Ибраев, Я.Чынтемиров  куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Ардагер директор Я.Чынтемиров Ысык-Көл областтык профсоюздар Кеңешинин Ардак грамотасына татыктуу болсо, ал эми райондук профсоюз комитетинин Ардак грамоталары менен мектептин профсоюз комитетинин төрайымы Н.Эсенбаева, соц.педагог Т.Уркадыров сыйланышты.

     Соңунда Асан Деркембаевдин карындашы Сааданова Шайгүл, кызы Деркембаева Анара мектеп жамаатына жана окуучуларга ыраазычылыгын билдиришти жана салтанаттын катышуучуларына чакан программадагы концерт тартууланды..

Жибек Жунушева,

Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин кызматкери