Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектепте санитардык-эпидемиологиялык шарттардын аткарылышын жана коопсуздуктун сакталыш абалы менен таанышып, көмөк берүү иш-чарасы уланууда

Пандемия шартында билим берүү тармагында санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаруу менен кызматкерлердин, окуучулардын ден-соолуктарын жана коопсуздуктарын сакталышын камсыздоо негизги иштердин бири болуп саналат.

Базар-Коргон райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин   кесиптик бирлигинин комитети тарабынан, билим берүү уюмдарында  санитардык-эпидемиологиялык шарттары жана  коопсуздукту  сактоо  иш-чараларынын абалын таанышып, тийиштүү көмөк берүү иш-чарасы    уланууда.

Райкомдун төрагасы С.Жаркынбаев мектептерде эмгектенген кызматкерлердин жана окуучулардын ден-соолуктарын сурап,  санитардык-эпидемиологиялык шарттары менен таанышып, жеринде кабар алууда.

Мектептин жамаатты райкомдун төрагасына колдоолор үчүн   ыраазычылыктарын айтышып,  жакшы тилектерин билдиришти.

 

 

Материалды даярдаган: райкомдун инспектору  К.Асыранкулов