Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары ачылды

Базар-Коргон районунда келечек муундарыбыз болгон жаш жеткинчек бөбөктөрүбүз үчүн мектепке чейинки билим берүүчү уюмдары ачылып, ишке киришти. Алар №41 “Нурбакыт”, №42 “Ак кеме-1”, №43 “Жыпара”, №44 “Элеман”, №46 “А.Алишова” атындагы  мектепке чейинки билим берүүчү уюмдары.

Үч тараптуу макулдашуунун натыйжаларынын негизинде жогорудагы бала бакчалар ачылып, кесиптик бирликтин мүчөлөрү көбөйүүдө. Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдары  республикалык бюджеттин, жергиликтуу бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен курулуп, ишке киргизилди.

Бала бакчалардын ишке кириши менен жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болуп, балдарын бакчага беришип, кубанычка ээ болушту. Балдардын ата-энелери бала бакчаларынын ачылышына көмөк, колдоо көрсөткөн жана демөөрчүлүк кылган атуулдарга ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райондук КБКнын адиси К.Асыранкулов