Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде профсоюз уюмдарынын иши жанданды

     Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн карамагында мамлекеттик  мектепке чейинки билим берүү мекемеси жалпысынан 78 , аларда 1625 кызматкер эмгектенет.

   2018-жылдын 1-март күнү Кара-Суу шаарында жайгашкан № 2 «Мөлтүр булак» мектепке чейинки билим берүү мекемесинде райондук семинар пландаштырылып өткөрүлдү. № 2 «Мөлтүр булак» баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары бүгүнкү күндө 9 тайпада ( группада ), 329 жаш жеткинчек тарбияланууда. Бала бакчада жалпысы 36 кызматкер эмгектенет алардын ичинен  15 мугалим жаш жеткинчектерге билим-тарбия беришет.

    № 2 «Мөлтүр булак» мектепке чейинки билим берүү  мекемеси, мектепке чейинки балдарды тарбиялоо, окутуу жана өнүктүрүүнүн базистик жана «Балалык» программалары негизинде иш алып барат.  Семинарда пландаштырылган иш-чаралар жогорку деӊгээлде уюшкандыкта өтүп, келген баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдарына практикалык-методикалык жардам  алышып,  өздөрүнүн жакшы ой-пикирлерин билдиришти.

    Мындан тышкары семинардын жүрүшүндө баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары 6 топко бөлүнүшүп Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан укуктуулук, мыйзамдуулук  жана Эмгек кодекисинин айрым бир беренелери боюнча  даярдалып келинген суролордун  негизинде талкуу жүрдү.