Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде эмгекти коргоо

Жалал-Абад  облусунун Базар-Коргон районундагы  Бешик-Жон  айыл  аймагынын №7  “Нагима”  мектепке  чейинки  билим  берүү  мекемесинин  базасында 2019-жылдын 29-майында бакчалардын профсоюздук  уюмдарынын төрайымдарынын райондук  семинары болуп өттү.

Семинар 3 бөлук менен өткөрүлдү: 1- бөлүгүндө бакчада 2014-2019-жылдарда социалдык өнөктөштөр, долбоорлор, демөөрчүлөр менен аткарылган иштер менен таныштырылды. 2- бөлүгүндө төмөндөгү темалар боюнча материалдар  берилди:

  1. “Бакчаларда эмгекти коргоону  уюштуруу” темасында обкомдун инспектору А.Айдаров усулдук материалдарды слайддар  менен баяндады.
  2. ”Уч тараптуу Макулдашууларды түзүү” темасында райкомдун төрагасы С.Жаркынбаев материалдарды берди.
  3. Жайкы эс  алуунун  уюштуруу чаралары  жана “Профком-2019”   кароосунун өткөрүү тартиптери талкууланды.
  4. Катышуучулардын  суроолоруна жооптор берилди.

3-бөлүгүндө “1-июнь-Балдарды коргоо күнүнө” карата райкомдун белектери бакчанын жамаатына  тапшырылды.

Материалды даярдаган:

Обкомдун инспектору

А.Айдаров