Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектеп окуучуларынын ата-энелерине арналган “Бири-бирине жакын, баңгиден алыс” деп аталган тегерек стол жөнүндө маалымат

Борбор Азияда баңгиге көз карандылыкка бөгөт коюу боюнча Европа биримдигинен каржыланган программанын 6-фазасынын (КАДАП-6) алкагында “Бири-бирине жакын, баңгиден алыс” деп аталган программа иштелип чыккан.

Европа биримдигинин өкүлчүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-январындагы №54 токтому менен бекитилген бул программанын алкагында  Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу №1, 2, 5, 6, 7, 9, 10 ,11 орто мектептери  2016-жылдын сентябрь айында Республика боюнча пилоттук деп тандалып алынган. Бул долбоордун алкагында тарбиялык иштер боюнча директорлордун орун басараларына 2 күндүк окуу-семинарлары уюштурулуп, андан алынган билимдердин негизинде тарбиялык иштер боюнча директорлордун орун басарлары класс жетекчилерге семинар-тренингдерди өтүшкөн. Ал эми класс жетекчилери алган билимдеринин негизинде жыл ичинде ата-энелер жыйналыштарын өткөрүшүп, ата-энелерди да окутуп, сурамжылоолор жүргүзүлгөн.

Аткарылган иштердин жыйынтыгын талкуулоо үчүн 2017-жылдын 27-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, тарбиялык иштер боюнча директорлордун орун басарлары, Республикалык ден-соолукту чыңдоо борборунун адиси А.Д.Калиева, КАДАП-6 программасынын эксперти Польшалык адис Януш Сверславский, Ош шаары жана Ош областы боюнча баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын ага опер өкүлү Кукчаев Т., Кызыл-Кыя шаардык жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын начальниги Д.Абдукаюмов жана жыйналышка катышкан 6-класстан 10-класска чейинки окуучулардын ата-энелеринин өкүлдөрү катышышты.

Тегерек стол Кызыл-Кыя шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ден соолукту чыңдоо комитетинин демилгеси менен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунунда өттү.

Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучуларды кызыктарган суроолор, программа боюнча кемчиликтер жана аталган программанын жыйынтыгы компьютердик слайд аркылуу көрсөтүлүп берилди.

Программа боюнча сунуштар жана пикирлер программанын экспертине айтылып, ата-энелердин каалоолору боюнча Республикага жайылтуу сунушталды. Сунушту  программанын эксперти Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жеткирээрин айтып, катышуучулардын суроо-талаптары боюнча аталган программага оңдоолорду киргизүү менен Кыргыз Илимдер Академиясынын окумуштуулар кеңешине тапшырууну пландаштырылып жаткандыгы менен тегерек стол жыйынтыкталды.  

Семинардын аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.