Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектеп окуучуларына тамак берүүнү жакшыртуудагы аракеттер

Жакында «Мектепте жакшыртылган ысык тамак берүү ишин уюштуруунун жана аткарылышынын жыйынтыгы» деген темада Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Абдыш Ракымов атындагы орто мектебинде райондун мектеп жетекчилери үчүн семинар өткөрүлдү.

     Семинардын негизги максаты мектепте 1-4-класстардын окуучуларынын жакшыртылган ысык тамагын берүү ишин жакшыртуунун алдынкы тажрыйбаларын жайылтуу болду.

     Ал эми күтүлүүчү натыйжасы болсо окуучулардын дени сак болушу, физикалык жактан калыптанышы, мектепте окуучулардын сабак калтыруусунун кыскарышы, мугалимдер тамактанууга карата окуучуларга өздүк гигиенасын сактай билүүгө үйрөтүү болуп саналат.

     Семинардын катышуучуларына 4-класстын класс жетекчиси Тайжанова Рыскүл эжей «Зыяндуу азык түлүктөр» деген темада тарбиялык саат өтүп, окуучуларга практика түрүндө «Кока кола» суусундугунун  зыяндуулугу көрсөтүлдү. Мындан сырткары жыт берүүчү,  боегуч, синтетикалык кошулмалар колдонулуп жасалган  чипсы, гамбургер, чупа-чупс, сосиска, колбаса, йогурт сыяктуу азык түлүктөрдүн адамдын ден-соолугуна тийгизген  таасири тууралуу окуучуларга практика жүзүндө кенен түшүндүрүп берди.

     Аталган мектептин директору Чолокова Анара мектептин түптөлүп ишке берилиши жана мектептеги жүрүп жаткан окутуу, тарбиялоо иштериндеги көрсөткүчтөр тууралуу маалымат берип, мектепке ысымы берилген  Абдыш Ракымовдун өмүр баяны слайд түрүндө семинардын катышуучуларына  көрсөтүлдү.

     Ошондой эле мектептин ашпозчусу Асакеева Жылдыз окуучуларга берилген ысык тамактын менюсун, калькуляциясын кандай түзөөрүн катышуучуларга көрсөтүп, өзүнүн иш тажрыйбасы менен бөлүштү.

     Семинардын соңунда мектептин башталгыч класстарынын окуучулары чакан концерт тартуулап, катышуучулар мектеп администрациясына, мугалимдерге ыраазычылык билдиришти.

Семинарга райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук профсоюз комитетинин кызматкерлери да катышышты жана семинардын өткөрүлүшүнө баа беришип, өз ой-пикирлери менен бөлүшүштү.

Айжан Төрөева,

Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин башкы адиси.