Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Мектеп менен ата-энелердин байланышы – окуучунун сабакка болгон жоопкерчилигин күчөтөт”

   Сузак районунун №75 К.Эрматов атындагы жатак-лицейинде 2017-жылдын 14-апрелинде “Мектеп менен ата-энелердин байланышы – окуучунун сабакка болгон жоопкерчилигин күчөтөт” деген темада башталгыч класс мугалимдеринин райондук семинары болуп өттү.

   Семинарга райондун 78 башталгыч мугалимдери катышышты. Семинардын жүрүшүндө аталган тема боюнча №75 К.Эрматов атындагы жатак-лицейдин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары А.Оморов баяндама жасады, башталгыч класс мугалими Ж.Малаева “Мектеп жана үй-бүлө” деген темада 1-класска сабак өтүп берди, “Бирге окуйбуз” долбоору боюнча мекен таануу, математика, адабий окуу, адеп сабактарынан Ачык сабактарга катышуучулар күбө болушту. Мугалимдер мектеп менен ата-энелердин байланышын күчөтүү үчүн жасап жаткан иштерин көрсөтүп беришти.

    Райондук семинардын жыйынтыгына Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Бечелов, профсоюздун Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Орозалиев, райБББнын кадрлар боюнча адиси Ч.Койчуманова, райондук усулдук кабинеттин усулчусу А.Токтоназаровдор катышышты.

    Семинардын активдүү катышуучуларына райондук билим берүү бөлүмүнүн жана профсоюздун райондук комитетинин Ардак грамоталары тапшырылды.