Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын 2-этабы боюнча маалымат

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмү жана мектеп жамааттары менен биргеликте  2018-жылдын 14-15-декабрь күндөрү Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы лицейдин базасында мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын 2-этабы өткөрүлдү.

Мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын 2-этабына же шаардык туруна мектептик олимпиаданын 1-2-3-орундарга ээ болушкан окуучулары катышты.

Предметтик олимпиада 12 предмет боюнча өтүлүп, жалпы 323 окуучу катышты. Предметтик олимпиаданын суроолору башка региондордун билим берүү бөлүмдөрү тарабынан даярдалып, олимпиада башталаарда гана конверттер ачылып, предметтик комиссия мүчөлөрүнө берилди.

Предметтер боюнча комиссия мүчөлөрү шаардын эң мыкты деп саналган мугалимдеринен түзүлдү.

Олимпиаданы шаардын вице-мэри А.Ж.Маткалыков ачып, окуучуларга предметтик олимпиадаларда ийгиликтерди каалап өттү.

Олимпиада 2 тур менен өтүлүп, 1-күнү 1-тур жалаң гана теориялык тапшырмалардан, ал эми 2-күнү 2-тур практикалык тапшырмалар менен коштолду.

Жылдагыдан айырмаланып, бул жылы предметтерден ар бир мектептен 3 төн гана окуучу катышып, класстарга бөлүнүшкөн жок. Бардык предметтер 1 күнгө белгиленип, 2-күнү олимпиадага катышкан окуучулардын 50%и 2-күнү кайра 2-турга киргизилип, окуучуларга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлүп берилди.

Предметтик олимпиаданын жыйынтыгында:

1-орунду №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектебинин командасы;

2-орунду №1 Д.М.Карбышев атындагы орто мектебинин командасы;

3-орунду №9 У.Гулматов атындагы орто мектебинин командасы ээлешти.

1-2-орундарга ээ болгон окуучулар 2019-жылдын февраль айында мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын 3-этабына катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Алдыңкы орундарга ээ болгон окуучулардын предметтик мугалимдерине шаардык мэрия тарабынан акчалай сыйлыктарды тапшыруу пландаштырылууда. Бул да болсо мугалимдерге педагогикалык ишмердүүлүгүнө чоң дем-күч болот.

Материалды даярдаган Жыпаргул Душобаева