Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектеп имаратынын ачылышы

Токтогул  районуна  караштуу  Мазар-Суу  айылындагы  Жоомарт  атындагы  орто  мектебинин  жана  педагогикалык  жамааты  жаны  жыл  алдында  жакшы  белекке  ээ  болушту. Себеби  бул  мектептин  курулушу  канчалаган  ата-эненин,  балдардын  үмүт  тилеги  болгон. Ошол айылдын  ишеничин  актап  мамлекетибиз  айылга  жаны  эки  кабаттуу  325 орундуу   мектеп  куруп  бүтүрүп   2018-жылдын  11-декабрында  пайдаланууга  берилип  мектеп  жамаатын , айыл  калкын  чоң  кубанычка  бөлөдү. Мекеменин  ачылышына  Токтогул  райондук  администрациясынын  башчысы   М.Асанканович,  Токтогул райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  башчысы  Д.Сулпукарова  жана  ошондой  эле  профсоюз  комитетинин  төрагасы  Т.Исраилов  болушуп,  мектептин  ачылышы  менен  куттуктап,  жакшы  каалоо,  тилектерин  айтышып,  сөз  сүйлөштү.  Ошону  менен  бирге  мектеп  жамааты  келген  конокторго  чакан  консерттик  маанай  тартуулашты. 

Материалды даярдаган Исраилов Токтомуш