Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектеп директоруна ата-энелер тарабынан ыраазычылык

Жалал-Абад облусундагы Ноокен районуна караштуу №4 А.Сатаров атындагы орто мектебинде Ноокен райондук билим берүү бөлүмү,  Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин биргелешкен коллегиясынын №7 токтомунун негизинде  “Жылдыз” аттуу мектеп алдындагы күндүзгү  эс алуу лагери уюштурулду. Лагерь эки агымда уюштурулуп, анда жалпы  100 бала эс алды.

Мектеп администрациясы жана  демөөрчүлөрдүн каражаты менен балдарга ысык тамак берилди.

Атайын иш-чара түзүлүп, сүрөт тартуу, бий конкурстары уюштурулду. Андан сырткары тарбиялык маанидеги тартылган видеороликтерди көрсөтүү, спорттук, акыл оюндарын (тогуз коргоол, шахмат, шашки) өткөрүү  окуучуларга өзгөчө кызыгуу жаратты.

№4 А.Сатаров атындагы орто мектебинин ата-энелер комитетинин төрагасы Ө.Ажиматов мектеп уюштурулган лагердеги алгылыктуу иштерди эске алып, атап айтканда окуучулардын ысык тамагы, көңүл ачуу жана ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү ошондой эле балдардын бош убактысын мазмундуу, пайдалуу жана көнүлдүү өткөрүүнү жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн мектеп директору Г.Оморовага  жана мектеп жамаатына жалпы ата-энелердин атынан ыраазычылыгын билдирди.

№4 А.Сатаров атындагы орто мектебинин

профкому Ч.Исмаилова