Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мектебибизге 30 жыл!

           2017-жылы Таш-Көмүр шаарындагы  №10 А.Осмонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин түзүлүп,ишке киргенине 30 жыл толуп турат.  Мектеп Шамалды-Сай  шаарчасында жайгашкан. 30 жылдык маараке белгиленип,мааракеге Таш-Көмүр шаарынын  мэринин милдетин аткаруучу О.С.Бабатаев, вице-мэр А.Темирбаева,Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.К.Шабданов, Шамалды-Сай аймактык башкармалыгынын башчысы Д.А.Садырбеков, мектептин бүтүрүүчүлөрү, аталган мектепте эмгектенип кеткен мугалимдер, Шамалды-Сай шаарчасынын белгилүү жетекчилери жана ишкерлери  келип катышты.

         Мектептин азем залында «Мектеп турмушу» деп аталган слайд көрсөтүлдү.

    А.Осмонов атындагы жалпы билим беруучу орто мектеби 1987-жылы ишке берилген.Мектеп 624 окуучуга ылайыкталып курулган, азыркы учурда 534 окуучу билим алып жатат.Мектептин алгачкы директору Сырдыбаев Тариел Акималиевичтин мектептин түптөлүшүнө кошкон салымы зор. Андан кийин аталган мектепте Сатаров А, Айдарбекова С, Топчубаев А, Абдуллаева  И жана Байматов А. директорлук кызматты аркалашкан. Ал эми 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Молдобекова Чынаркүл Омуралиевна  жетектеп келет.   Мектептин материалдык-техникалык базасынын чыңдоо максатында эл аралык уюмдар менен иш алып барылып,  төмөнкүдөй  долбоорлор иш жүзүнө ашырылган:

2005-жылы  “АРИС” уюму тарабынан «Мектептин чатырын реконструкциялоо»,

2006-жылы “АРИС” уюму тарабынан «Спорт залдын чатырын реконструкциялоо» ,

2011-жылы Мерсико уюму тарабынан  «Эмеректер менен камсыздоо»,

2012-жылы шаардык мэрия тарабынан каражат бөлүнүп, «Азем залы эмеректер менен камсыздалып», 2013-жылы “Мерсико” уюму тарабынан дагы «Эмеректер менен камсыздоо»,2014-жылы “Мерсико” уюму тарабынан «Эмеректер менен камсыздоо»,2017-жылы “Мерсико” уюму тарабынан башталгыч класстарга «Мектеп окуучуларына ысык тамак уюштуруу ».

             Мектепте 30 мугалим эмгектенет. Алардын ичинен 9 мугалим Кыргыз Республикасынын «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен, 5 мугалим Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланышкан.

      Мектептин бүтүрүүчүлөрү азыр ар түрдүү мамлекеттик ,коомдук  кызматтарда, эл чарбасынын башка тармактарында үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Алардын бири, ушул эле мектептин дене тарбия мугалими Сонунбеков Жапар Саматбекович Кыргыз Республикасынын мушкерлер боюнча машыктыруучусу катары Республиканын алдынкы мушкерлерин даярдап чыгарууда. Атай кетсек, Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр арасында мушкерлер боюнча өткөрүлгөн чемпионатында окуучуларыбыз Батиров Кубаныч , Абылов Жуман, Шербеков Арген алтын жана күмүш медалынын ээси болду. Маматалы уулу Нурсултан Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр арасында өткөрүлгөн мелдеште алтын медалынын ээси жана Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси болду.Мааракеге шаардык мэрия тарабынан компьютер белекке тапшырылды жана шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан баалуу белектер тапшырылды.

      

                                                         А.Осмонов атындагы №10 орто мектебинин окуу     

                                                             бөлүмүнүн  башчысы Ч.Т.Джанышбаева