Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мекенди коргоо күнү

Жалал-Абад областы,  Базар-Коргон району. Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу № 5 Токтогул  атындагы гимназия  мектебинде  23-февраль  Мекенди коргоо күнүнө карата иш-чаралар 22- февраль күнү өткөрүлдү.

Окуучуларды патриоттук сезимдерин  ойготуу  үчүн Афган согушуна катышкан ардагерлерлер: Андаров Бекмамат, Кочоров Эгемберди, Айтматов Алмаз, Айтматов Бакыт,   мектепке  чакырылып окуучуларга ардагерлер  өздөрүнүн башынан өткөргөн  окуяларды айтып беришти. Мектептин 4 “б” – классынын окуучулары, класс жетекчиси Эргешова Гулзар болуп даярдаган  концерттик программасын койюп берди. Райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин райондук  профсоюз комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев  Афган согушунун ардагерлерин жана мектептин жамаатын, окуучуларды, келе жаткан   майрам менен куттуктап сөз сүйлөдү.

Мектептин директору Матисаков Равшан, баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы Ж.Артыкбаева,  ардагерлерге сый тамак уюштурулуп берилди. 

 

Материалды даярдаган:

А.Айдаров