Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Мээрим” бала бакчасында кошумча жаӊы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү

Кадамжай  районунун  Чаувай  айыл  аймагындагы  “Мээрим”  балдар  бакчасында   кошумча  жаны  имаратынын  ачылыш  аземи  болуп өттү.  Майрамдык  кечеге  Кадамжай  райондук  администрация башчысы  Ж.Маматович, Билим  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Кадамжай  райондук  комитетинин  төрагасы  А.Момошов, РБББ  башчысы  Ж.Гайбуллаев, РБББнон  А.Кожонова   жана  айыл  өкмөттүн  кызматкерлери,  ата-энелер  катышты.  Тарбиячы  мугалимдер бала  бакчанын  ар  бир  бөлмөсүн  көрсөтүшөт,  балдардын  тамак - ашын  уктоочу  жайлары  менен  тааныштырып  чыкты. Жаш  жеткинчектер  өз  өнөрлөрүн  көрсөтүшүп,  ыр, бий, жомокторду  аткарып  беришти. Майрамдык  кеченин  аягында  куттуктоо  сөздөрүн  айтышып, райком профсоюз тарабынан бала бакчага  керектелүүчү буюмдар   жана  белектер  тапшырылды.

 

 

Материалды  даярдаган: Ажиева Феруза