Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Манас”оюндары.

Токтогул атындагы №24 жалпы орто билим берүүчү мектебинде “Балдар жана өспүрүмдөр ”уюмунун түзүлгөн күнүнө карата мектептин класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу С.Жороева жана мектептин соц.педогогу С.Бүркүтбаевалар биргеликте 1-4-класстар “Сейтек”, 5-8-класстар“Семетей”,9-11-класстар “Манас”уюмдарындагы чоролордун жана бийкечтердин катышуусунда жалпы сбор өткэрүштү.Ошондой эле маданий массалык иштерди уюштуруучу Г.Тургунова даярдаган кече концерт болуп өттү.Бул күнгө карата 5-11-класстар арасында класс жетекчилер менен биргеликте “Манас” оюндары өткөрүлдү.Анда улуттук оюндар: аркан тартуу,кол күрөш,чүкө урмай,чака чапмай,топ таш,жолук таштамай боюнча мелдештер болуп,ар бир класс активдүүлүгүн көргөзүшүп,женүүчүлөр аныкталды.Бул оюндардын унутта калбашы ошондой эле окуучуларды мекенечилдикке, патириоттулакка,боорукердикке үндөгөн мыкты оюндар болуп өттү.

 №24 Токтогул атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин кесиптик уюмунун төрайымы: А. Сыдыкова