Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Манас таануу" интеллектуалдык таймашы

2021-жылдын 6-мартында Ат-Башы районундагы К.Карпеков атындагы орто мектебинде Саякбай Каралаевдин академиялык училтик вариантынын негизинде "Манас таануу" интеллектуалдык таймашы уюштурулду.

 

Таймашка башкы демоорчулук корсоткон Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин мурдагы депутаты Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович, "Саякбай манасчы"  Эл аралык коомдук фондусунун торагасы, заманыбыздын залкар манасычысы Назаркул Сейдеракманов жана "Койкашка" жаштар уюму менен биргеликте КТРКнын "Баластан" студиясынын продюсери Кундуз Аманова баш болгон уюштуруучулар колдоо корсотушту.

 

Таймашка райондун 21мектебинен окуучулар катышып жыйынтыгында кыргыз мектептер арасында 3-орунду К.Керималиев мектеби, 2-орунду А. Искендеров мектеби, 1-орунду Н.Усоналиев мектептери, ал эми орус мектептер арасында 3-орунду А.Керимбаев мектеби, 1-2-орунду Карыбек уулу Акматаалы мектеби камсыздашты. Сыйлык ээлери дипломдор, медалдар жана баалуу китептер менен сыйланышты.