Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мамлекеттик тил күнүнө арналган бир айлык Таш-Көмүр шаардык билим берүү кызматкерлери тарабынан белгиленүүдө

Жалал-Абад областтык билим берүүнүн усулдук борборунун,шаардык мэриянын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышы, бул мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгын белгилөө тууралуу бир айлык жүргүзүлүүдө. ШБББнын №1-14 орто мектептеринин көрнөк жарнактарында кыргыз тилинин орфографиялык эрежелери сакталган. Бардык мектептерде кыргыз тилине арналган дубал газеталар чыгарылды. ШБББнын №1-14 орто мектептеринде кыргыз тили күнүнө арналган салтанаттуу линейкалар белгиленди. №1,8 орто мектептеринде окутуу орус тилинде жүргүзүлсө да салтанаттуу линейкалар бул күнү кыргыз тилинде өткөрүлдү. Белгилей кетсек, Н.Островский атындагы №1 орто мектебинде кыргыз тили мугалими Э.Асанова, А.Бекташева тарабынан башка улуттагы 18 мугалимге “Кыргыз тилин үйрөнөбүз” деген темада сабак, 9-класстар үчүн “Кыргызстандын акындары”, 5-8 класстар үчүн “Кыргыз тилинин тарыхы”, 10-класстар үчүн “Биринчи кыргыз газеталары” мугалим О.Вакуленко тарабынан өткөрүлдү.В.И.Ленин атындагы №5 орто мектебинде 5-6-7 класстар арасында “Эне тилим-эне сүтүм” деген темада конкурстар, 8-9-10-11-класстар арасында көркөм окуу конкурстары, 4-10-класстар арасында “Кыргыз көчү” кыргыз бийлеринин конкурстары өткөрүлүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөр Ардак грамота,дипломдор менен сыйланда. Мындан сырткары 11-класс тарабынан “Тилдин жоголушу” деген темада даярдалган инценировкалар окуучуларга тартууланды.  А.Осмонов атындагы №10 жалпы билим берүүчү орто мектебинин 9-10-11-класстар арасында “Эне тилим-менин сыймыгым” темасында дил баяндар жазылды.Жыйынтыгында мыкты жазылган дилбаяндарга баа берилип,окуучуларга алкыш айтылды. Кыргыз тили жана адабияты мугалими Н.Калдинова тарабынан “Кыргыз тилим-байлыгым” деген темада 9-а класска ачык сабак ,8-б классына “Эне тилим-эне сүтүм” деген темада тарбиялык ачык сааттар , ”Улут болсом тилим менен улутмун”11-классынын жетекчиси А.Эргешова ачык тарбиялык саат өттү.К.Кузембаев атындагы №7 гимназия класстары бар орто мектебинде тил күнүнө арналган салтанаттуу линейка белгиленип,ага ШБББнын башкы адиси ,шааркомдун төрайымы Г.Эргешова катышты.Линейкада окуучулар тарабынан флеш-моб,манас айтуу, Бугу эне сценасы, көркөм окуулар аткарылды. ”1,5,6,2 бала бакчаларында мамлекеттик тил күнүнө арналган сабактар улуу топторго өтүлдү.Кыргыз тилине арналган жумалыктар, айлык, жылдык иш чаралардын негизинде бардык мектептерде иш алып барылат.

 

 

 

                                                                                                                            Шаарком