Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мамлекеттик Туу күнү белгиленди

Жалал-Абад областына караштуу Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган Кыргыз мамлектинин символикасы болгон кызыл Туунун күнүн белгилешти. Бул Туу Эгемен мамлекетибиздин өз алдынчалыгын далилдеген негизги белги болуп саналат.

Туунун авторлору Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 1992-жылдын 3-мартында бекитилген.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туу күнү менен билим берүү кызматкерлерин Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Т.Усенов жана Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Сузак райкомунун төрагасы А.Орозалиев куттукташты.

Даярдаган: М.Примкулов