Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Макулдашуулардын ролун көтөрүүгө жетишели!

 

2014-жылдын 19-март күнү №2 С.Ногоева атындагы  орто  мектебинин  чогулуштар  залында  Ноокен  райондук  билим   берүү  бөлүмүнүн коллегиясы  менен  Ноокен  райондук  комитеттин  президиумунун биргелешкен  кеӊешмеси болуп,  анда 55 мектептин,  28 бакчанын директорлору, 4 мектептен  тышкаркы  мекеменин  жетекчилери,  райБББнүн  адистери катышты.                                                 

Кеӊешмеде райондогу мектептерде жана бала бакчаларда  окуу-тарбия   иштеринин жүрүшү боюнча өткөрүлгөн тематикалык текшерүүлөрдүн жыйынтыктары каралып милдеттер  белгиленди.

Кеӊешменин кун тартибинде райадминистрация, райондук билим  берүү  бөлүмү, райондук комитет ортосундо түзүлгөн МАКУЛДАШУУнун 2013-жылда  аткарылышы жөнүндөгү маселе каралды. Райондо эмгектенүү үчүн шарттарды, окуу-тарбия ишин жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө 24млн сом каражат жумшалганын, бул  иштер негизинен жергиликтүү өз-өзүн башкаруу органдарынын катышуусу жана каражатары менен болгондугу  белгиленди. Райондо билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө 23 млн сом каражат тартылган. Макулдашууну аткарылышында жаш  адистердин проблемаларын чечүүгө чоӊ  көӊүл буруу зарылдыгы  баса белгиленди.

Кеӊешмеде 2013-жылда  ийгиликтерди  камсыз  кылган  алдынкы социалдык  өнөктөштүрдү, профсоюздук  активдерди  профсоюздун  жогорку  сыйлыктарына көрсөтүү сунуштары  бекитилди.

Кочкор-Ата  шаарында  өткөрүлө турган республикалык семинардын  иш-чарасы  кабыл  алынды. Кеӊешме тийиштуу  токтомдорду кабыл алды.

 

     Райондук  комитеттин  төрагасы                      А. Айдаров.