Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Максатыбыз мугалимдерге жакшы шарт түзүү

2021-жылдын 8-апрелинде Кара-Суу районундагы Топчубай Юнусов атындагы №21 орто мектебинин базасында Кара-Суу аймагында жайгашкан 65 мектептердин баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрага, төрайымдарынын катышуусунда окуу-семинар болуп өттү.

Семинардын максаты: Баштапкы профсоюз уюмдарынын кесиптик ишмердүүлүгүн көтөрүү.

Семинардын катышуучулары баштапкы профсоюз уюмунун иш каанасы жана андагы жүргүзүлүп жаткан иштер менен жакындан таанышып чыгышкан соң расписаниеге коюлган ачык сааттарга катышышты.

«Эмгекти коргоо комиссиясынын жүргүзгөн иш кагаздары» -деген темада мектептин эмгекти коргоо комиссиясы көргөзмө сабак көрсөтүлдү.

Ош облустук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин укуктуулук жана техникалык коопсуздук боюнча башкы инспектору Ажиматов Эшполот жана маалымат жана жаштар иштери боюнча кызматкери Жоробекова Каныкей семинарга келишти. Ар жылы салтка айланып калган мындай жөрөлгөдө баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын башчыларынын эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук боюнча түшүнбөгөн суроолоруна Э.Ажиматов жооп берип, жакындан жардам берип кетти. Билим берүүнүн сапатын көтөрүү максатында мугалимдерге, эмгек жамаатына шарт түзүү, алардын укугун коргоо боюнча райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрайымы кеңири түшүнүк берип, семинардын катышуучулары менен кенири пикир алмашуу болду.

 

Маалыматты даярдаган: К.Жоробекова