Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Максатуу семинар –ишти илгерилетет.

Максатуу семинар –ишти илгерилетет.

Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 орто мектептин базасында  2013-жылдын 29-октябрында «Билим берүү системасындагы кызмат акы боюнча ченемдик укуктук иш кагаздарын жүзөгө ашыруу» темасындагы иштиктүү семинар өттү. Бул семинарга Токтогул районунун, Таш-Көмүр шаарынын, Кара-Көл шаарынын эсепчилери, профкомдору, завуч, директорлору болуп 50 адам катышты.  Борбордук Комитеттен К.Ниязбеков, облусттук комитеттен  К.С.Мурзакматов, А.Т.Бегматов, Токтогул райкомиттеттин төрагасы Т.Исраилов, Таш-Көмүр шааркомунун төрайымы  Г. Эргешова, Кара-Көл шааркомунун төрайымы А.Каракозуевалар  керектуу темаларда лекцияларды окушуп, суроо-жооптор менен коштолуп, катышуучулар топтордо иштешип, билимдерин бышыкташып,   көп нерсени үйрөнүп кайтышты. Бул семинардын катышуучулары семинарды уюштурган билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин торагасы  А.Токтогуловго, К. Ниязбековго , К. Мурзакматовго чон ыраазычылыктарын билдирет.


Урматтуу Асылбек Токтогулович!

Сизге Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин кесиптик кошуну терең ыраазычылык билдирет. Сиздин жетекчилигиңиз менен уюшулган « Билим берүү системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө, дем берүүчү акыны эсептөө жана бөлүштүрүү тартиби»  деген  темадагы семинар абдан пайдалуу болду. Семинар 2013-жылдын 29-октябрь күнү Кара – Көл шаарында өттү. Семинарда эмгек акы, дем берүүчү акынын эсептелиши боюнча абдан кеңери түшүнүк алдык. Ошондуктан ШБББнын кызматкерлери Сизди терең урматтоо менен ыраазылык билдеребиз


Таш-Көмүр ШБББнын кесиптик кошуну.