Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

МАЙЫПТАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

2020-жылдын  3-декабрында  Баткен шаарында билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитети тарабынан майыптардын Эл аралык күнүнө карата иш чара уюштурулуп өткөрүлдү. Баткен районунун билим берүү уюмдарында 71 мүмкүнчүлүгү чектелген кызматкерлер эмгектенишет. Профсоюздун райондук комитети тарабынан 53 250 сом акча каражаты бөлүштүрүлүп, иш чара учурунда таркатылып берилди. Райондук комитет Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө атайын кат жолдоп, иш чарага катышууга чакырды. Улуттук Кызыл Ай Коомунун  областтагы өкүлчүлүгү да майыптарга атайын даярдап келген баалуу белектерин тапшырышты. Иш чаранын жүрүшүндө билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин төрагасы А.Зайитов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Мажилимов, Улуттук Кызыл Ай Коомунун  областтагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси К.Жигитов мүмкүнчүлүгү чектелген кызматкерлерге бекем ден соолук, иштеринде ийгиликтерди каалап, мындан ары да алар камкордукка алынаарын айтып  өтүштү.