Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Майрамыныздар менен урматтуу мугалимдер!

Баткен шаарында  400   мугалим-тарбиячылар, 5899  окучуга  билим тарбия берип келүүдө. 2018-жылдын  5-октябрында  Баткен шаарындагы  Салкын - Төр кафесинде  мугалимдердин  кесиптик  майрамынын  урматына   шаардагы  105 мугалимге, 15 ардагер  мугалимдерге  сый урмат  көрсөтүлдү.

         Кесиптик майрамдын салтанатына   Баткен шаарынын  мэри Рахимов Мамыржан Тойчуевич,  шаардык Кенештин төрагасы Алмазбек Ташбеков, КР билим берүү, илим министрлигинин өкүлү Рысбеков Бакыт Бекташович, Баткен облустук билим берүү  усулдук борборунун директору Мееринса Абдрашитовна  жана шаардык мекеме-ишканаларынын  жетекчилери  катышты. Майрамдык  салтанат   мыкты  мугалимдерге  КР билим берүү  жана илим министрлигинин, ыйгарым укуктуу  өкүлчүлүктүн, Баткен шаарынын Мэриясынын, Билим беруу бөлүмү  жана шаардык  профсоюз комитетинин Ардак грамоталары жана  төш белгилерин тапшырылып, мугалимдерге  сыйлыктар дагы да дем берип, майрам   жогорку денгээлде   өттү.

         Баткен шаарынын Мэриясынын (мэр  М.Рахимов), Баткен шаардык  билим берүү бөлүмү (башчысы  А.Ахматбеков) жана  билим берүү кызматкерлеринин   профсоюзунун   Баткен   шаардык  комитетинин (төрайым  М.Калыкова)  ортосунда  2017-2019-жылдарга  түзүлгөн үч  тараптуу  келишимге ылайык   Мугалимдердин кесиптик майрамынын  урматына  Баткен шаарынын  мэриясы  тарабынан  58600 сом , шаардык профсоюз тарабынан  10000 сом бөлүнүп, Мугалимдерге майрамдык  сый дасторкон жана  ар бир мугалимге   белектер берилди. Майрам мугалимдер үчүн  даярдалган концерттик программа ыр-бий менен  коштолуп  кызыктуу өттү.