Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Майрамдык маанай

2020-жылдын 22-октябрында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ат-Башы райондук комитети тарабынан Райондогу мектеп бала бакчалардын профсоюз лидерлерине К.Р. социалдык коргоо жана профсоюз күнүнө карата салтанаттуу чогулуш өткөрүлдү. Чогулушта Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Дооткулов, профсоюздун райондук комитетинин төрагасы К.Керималиевдер сөз сүйлөп профсоюз активдерин куттукташты. Чогулуш соӊунда профсоюз активдеринин алдынкылары билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин профсоюздун "Мыктысы" жана Ардак грамотасы  Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ат-Башы райондук комитетинин Ардак грамоталары жана жана баалуу сыйлыктары тапшырылды.