Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Майлуу-Суу шааркомунун 5-октябрь Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу майрамдан

                                                                МААЛЫМАТ:

2019-жылдын 7-октябрь күнү Майлуу-Суу шаардын маданият үйүндө салтанаттуу майрам өткөрүлдү. Майрам Мугалимдердин күнүнө арналып, шаардын мэри Маматов Н.А., ШБББ башчысы  Караева Дж.И., шааркомдун төрайымы Б. Джураева жана башка мекемелердин жетекчилери катышышып өзүлөрүнүн каалоо-тилектерин айтышты.

Мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлердин эмгектерин баалап Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим Министрлиги тарабынан  Билим берүүнүн “отличниги” деген төш белги менен Ю.А.Гагарин атындагы №4- инновациялык гимназия- мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Каримова С.А., Билим берүү жана илим Министрлигинен 4-мугалим Ардак грамота менен сыйланышты.  Жалал-Абад областтык администрация, Усулдук борбору, Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмү, профсоюздук комитети тарабынан бир нече мугалимдерге жана билим берүү кызматкерлерге грамоталар жана алкыш жарыяланды.
  

Ошону менен бирге КР Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун “ОТЛИЧНИГИ” деген төш белги менен №8-орто мектебинин баштапкы уюмунун төрагасы Маматназаров Э.М. Борбордук Комитети тарабынан сыйланды. Шаардын мектебинде талыкпай эмгектенип жаткан 4-мугалимге обком тарабынан, 3-мугалимге шаарком тарабынан Ардак Грамоталар  ыйгарылды.
   

Салтанаттуу майрамда билим берүу кызматкерлерине жана мугалимдерге арналып мектеп окуучулардын күчү менен даярдалган концерттик программа тартууланды.

 

Материалды даярдаган:

Джураева Бусайра