Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мадаминов Гапыр Маматкулович

    Мадаминов Гапыр Маматкулович, 1958-жылы 17-августта Сүлүктү шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1975-жылы №3 Макаренко атындагы мектепти бүтүрүп, 1977-1979-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат отогон. 1983-жылы Тажик Республикасынын Согдий облусунун Хожент шаарындагы ХМУнун тарых факультетин(Ленинабад шаары С.М.Киров атын ЛМПИ) сырттан окуп бүтүргон. 1976-жылдан баштап №5, №3 мектептерде айкалыштыруучу  катары эмгектенген. 1979-1982-жж. Сүлуктү шаардык Билим берүү бөлүмүнүң фильмотека башчысы, 1982-1986-жж. №3мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, 1987-1991-жж. мартка чейин Сүлүктү шаардык Билим берүү бөлүмүнүн  усулкана башчысы. 1991-1993-жж. Лейлек райондук  усулдук канаанын усулчусу. 1993-1995-жж. Жаштык айылындагы “Кыргызстан 60 жылдыгы” мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы, 1996-жылдан баштап №3-гимназияны ачып, ушул гимназиянын директору болуп иштеп келе жатат. Кыргызстан мугалимдеринин I, II, III курултайынын катышуучусу. (2000-2007-2015жж.)  2013-жылы “Замандаш” журналынын сурамжылоосу боюнча “Жылдын мыкты ” мугалим номинациясынын ээси.  2016-жыл Финляндия мамлекетине тажрыйба алмашуу максатында делегация катарында барып оз тажрыйбасы менен болушуп келген. 2017- жылы  “Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген мугалими ”  наамынын ээси.

    “Лейлек жана лейлектиктер тарыхы”(Б. 1998-ж.), “Билимге сапар”(Б. 2000-ж.), “Сүлүктү шаарынын кыскача тарыхы”(Б. 2010-ж.), “Устаттык өнөрү”(Б. 2006-2011-2016-ж.), “Ата-энелер сиздер үчүн”(Б. 2001-2014ж.), “Акыл эмгегинин маданияты”(Б. 2003-2009-2014-2015-2016ж.), “Билим баалуулугу”(О. 1997-ж.), “Исхак Разаков”(Б. 2000-ж.), “Кесектердин кыскача тарыхы, санжырасы”(Б. 2010-ж) ж.б  16дан ашуун эмгектердин автору.