Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Маамова Айсана жетектеген “Келечек” балдар бакчасы

Лейлек районунун Самат айылындагы “Келечек” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде “Эрте жаштагы балдарды оюн аянтчалары аркылуу ата-энелери менен биргеликте өнүктүрүү” проектинин алкагында  бакчага тартылбай калган балдар ата-энелери менен чогу 1 группа болуп социализациялоо багытында иш алып барууда. Балдар  1 жумада 2 саат ата-энелери менен биргеликте окутулат ошондой эле, бала бакчада өткөрүлүп жаткан бардык майрамдык иш чараларга катышышат. Польша өлкөсүнүн Варшава шаарында проект менен иштеп жаткандар  менен интернет аркылуу түз байланышып аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат бөлүшөт.

Бала бакчаны КРнын Аялдар Конгрессинин, жергиликтүү бийликтин ардак грамоталарынын , “Кыргыз Туусу” газетасы уюштурган “Кыргыздын кыраан кызы” номинациясынын ээси Маамова Айсана  жетектейт. 2018-2019-окуу жылына карата бала бакчанын жаңы заманбап  имараты бүткөрүлүп, колдонууга берилди. Маамова Айсананын “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү ” жылына карата аймактын өнүгүшүнө кошкон салымы зор. Жогоруда аталган проектти да биринчилерден болуп районго таанытып,  жайылтуу максатында райондун бала бакчаларынын жетекчилеринин, тарбиячыларынын катышуусунда семинарларды өткөрүп келет. 

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева