Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Маалымат иштери, укук жана эмгекти коргоо боюнча профсоюз уюмдарынын негизги багыттары жана принциптери

      Баткен областынын Лейлек районунун Тажик республикасы менен чектеш жайгашкан Арка айылындагы   Б.Набиев атындагы орто мектебинде Борбордук Комитет тарабынан жарыяланган “2017-жыл адептүүлүк жана укуктук маданияттуулук” жылынын алкагында,  2017-жыл 22-апрель күнү, райондук, шаардык  профсоюз комитеттеринин  төрагалары, мектеп директорлору жана баштапкы профсоюз уюмунун төрагалары үчүн Маалымат иштери, укук жана эмгекти коргоо боюнча профсоюз уюмдарынын негизги багыттары жана принциптери” деген темада областтык семинар, тажрыйба алмашуу болуп  өттү.

Бул семинардын максаты райондук,шаардык жана баштапкы  профсоюз комитеттеринин ишмердүүлүгүн сапаттуу жаңы баскычка көтөрүү жана  Борбордук комитет тарабынан өткөрүлгөн семинарды жер-жерлерде улантуу болуп саналат.

    Областтык семинарга Баткен, Кызыл Кыя шаарлары жана  Баткен, Кадамжай райондорунун 20 профсоюз комитеттеринин төрагалары жана мектеп директорлорунан турган делегация областтык комитет тарабынан атайын маршрут уюштурулуп Тажик республикасы аркылуу барып келишти. Ал эми Лейлек району жана  Сүлүктү шаарларынан 30 адам, жалпы 50 адам катышып, Б.Набиев атындагы орто мектебинин жетишкендикетри жана ишмердүүлүгүн тааныштыруу менен семинар башталды.

    Семинардын жүрүшүндө Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы И.Ниязалиева,  областтык комитеттин төрагасы З.Бөтөковдор сөз сүйлөп семинарды ачып беришти. Андан ары мектеп директору А.Гапурова жана  баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы Ж.Хайдарова  Мектеп жамаатынын жүргүзүп жаткан иш аракеттери жана Баштапкы профсоюз уюмунун иш кагаздарын жүргүзүү жөнүндө”.

Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитетинин төрагасы  А.Бердиев  “Профсоюз уюмдарында маалымат иштерин жүргүзүүдөгү негизги багыттары жана принциптери жөнүндө”.    

Областтык комитеттин төрагасы З.Бөтөков “Билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук эрежелеринин сактоодогу милдеттери жана профактивдерди укуктук жактан окутуудагы негизги багыттары жөнүндө”.

 Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Сүлүктү шаардык  комитетинин төрагасы    К.Кудаяров ”Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысынын төлөнүшү жана социалдык камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү” жөнүндө маалымат беришти

          Бул семинарда катышуучулар билим берүү тармагындагы  эмгек акылардын төлөнүшү, эмгекти коргоо жана маалымат иштеринин бүгүнкү коомго канчалык зарыл экендиги боюнча маалыматтарды алышып, семинар  суроо жооп, талкуу менен   жыйынтыкталды.

 

 

Уюштуруу, укук жана эмгекти

коргоо боюнча адис                                                                                  К.Акимов