Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

М.Алымбеков атындагы орто мектебинде семинар өткөрүлдү

Ала-Бука районуда 2021-жылдын 12-февраль күнү райондон алыс турган 1-Май аймагындагы мектептердин баштапкы кесиптик уюмдарынын төрага(айым)дарына М.Алымбеков атындагы орто мектебинде семинар өткөрүлдү.

Семинардын негизги максаты тармактын профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү,алардын иштерин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүүгө карата уюштурулду.

Семинарды райондук профсоюз комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев ачып 2020-жылга кыскача токтолуп маанайларын сурап семинардын максатын айтып эки теманын үстүндө сөз болоруна токтолду.

1.Балдардын коопсуздугун коргоо боюнча мектеп администрациясы менен бирге кесиптик уюмдун төрага(айым)дара кандай иштерди аткаруусу керек экендигине райкомдун төрагасы токтолуп айтып өттү. Андан кийин Жаңы-Шаар орто мектебинин профсоюзу Нышанов Абдивали өзүнүн иш тажрыйбасынан айтып жүргүзгшөн иш кагаздарын көрссөткөнгө жетишти.Биринчи маселе боюнча ушул  айыл аймактын аймагындагы мектептер март айын балдардын коопсуздугун коргоо айы деп жарыялоону чечишти.

2.Мектеп администрациясы менен менен биргеликте тармактын профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаңы сапаттуу деңгээлге көтөрүү,алардын иштерин натыйжалуулугун жогорулатуу жана тармактык профсоюздун ролун күчөтүү  карата  эки тараптуу жана үч тараптуу келишимдин негизинде иш алып баруу туралуу кеңири сөз болду.

Семинарга  айыл аймагындагы сегиз мектептен  профсоюз лидерлери катышты.

Даярдаган Жаңы-Шаар орто мектебинин баштапкы кесиптик уюмунун төрагасы А.Нышанов.