Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Өлкөнүн келечеги - билимдүү балдарда

           Ноокен районунун балдарга билим  берүү борборунда «Өлкөнүн келечеги - билимдүү балдарда» аттуу областтык семинар болуп өттү.  Семинарга Жалал-Абад областтык балдар чыгармачылык үйүнүн  директору Б. Ормонов, областык балдар чыгармачылык үйүнун кызматкерлери жана Ноокен райондук билим берүү  бөлүмүнүн башчысы Б.С.Козуев, райондук билим берүү  бөлүмүнүн  башчысынын орун басары                  Э. Абылбеков, билим берүү  бөлүмүнүн метод кабинет башчысы К. Садиров жана район-шаарлардан  30 жетекчи келип катышышты.

          Семинарда «Жаш сүрөтчү» жана Тогуз коргоол ийримдеринен мастер-класс,   «Мир русского языка» жана «Чет тилин үйрөнөбүз» ийримдеринен ачык сабактар өтүлдү. Семинардын жыйынтыгында сабак өткөн ийрим жетекчилерине  анализдер, сунуштар берилип, «Жаш сүрөтчү» ийриминин жетекчиси Б. Чолпонкулов жана  «Чет тилин үйрөнөбүз» ийриминин жетекчиси А. Караеваларды областтык грамотага  көрсөтүштү.