Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлектин окуучулары театр сахнасында

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагына караштуу В.И.Ленин атындагы орто мектебинин окуучулары КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан бекитилген Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Ч.Айтматов улуттун улуу тоосу, кыргыздын өчпөс жылдызы” жумалыгынын негизинде 2018-жылдын 31-октябрында Баткен шаарындагы  А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрында мектептердин жаш актерлору тарабынан Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган чыгармаларынан үзүндү коюу боюнча областтык конкурска  барып катышып, II орунга ээ болушту.  Ушул сыяктуу конкурстардын уюштурулушу балдардын жан дүйнөсүн байытууга чоң өбөлгө болоору талашсыз. Ошондой эле, окуучулардын театрга болгон кызыгуусу артып, өнөрлөрү өркүндөп, таланттары аныкталып, маданияттуулуктун жогорулашына чоң салымын кошот. 

 

 

Материалды даярдаган Сагалиева Марина