Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун №5 мектеп – гимназиясында жарандык коргонуу боюнча иш чара өткөрүлдү

№5 мектеп - гимназиясында 2019-жылдын 16 – октябрь күнү жарандык коргонуу боюнча профилактикалык иштер өткөрүлдү. Аскерге чейинки даярдык предмети мугалими тарабынан сел, жер көчкү, жер титирөө, өрт ж.б. коопсуздуктар боюнча лекциялар окулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул иш чаранын негизинде өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан бекитилген эвакуациялык пландардын негизинде иштер жүргүзүлүп, окуучулар өзгөчө кырдаалдар болгон учурда кооптуу жайлардан чыгуусу жөнүндө практикалык иштер болду. Буга мектеп администрациясы, класс жетекчилер жана 5-11 –класска чейинки окуучулар баары катышты.

 

Материалды даярдаган:

Эгизалиева Элмира Жаркынбековна