Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун мугалимдери үчүн көчмө курс

2019-жылдын 22-мартынан баштап 30-мартына чейин Лейлек районунун Исфана шаарындагы Исфана орто мектебинде  райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин 425 мугалими Ош билим берүү институтунун педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу көчмө курстарынан окуп, сертификат ала алышты.

Көчмө курс кыргыз тили, орус тили, англис тили, өзбек тили , физика, математика, география, дене тарбия предметтеринен жана башталгыч класстардын мугалимдери, окуу бөлүм башчылары үчүн өткөрүлдү.

Мугалимдер өз билимдерин өркүндөтүп, окутуунун жаңы усулдарын, баалоонун критерийлеринин түрлөрүн өздөштүрө алышты.

Мындай көчмө курстардын өтүүсү борбордон алыс жайгашкан райондун мугалимдерине өтө ыңгайлуу болуп чыгымдарын жана убакытын үнөмдөөгө шарт түзүп,  мугалимдер Ош шаарынан келген тренерлерге жана курсту уюштуруп, өткөрүүгө чоң салымын кошкон райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук каанасынын башчысына жана усулчуларына терең ыраазычылыктарын билдиришти. 

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева