Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун математика мугалимдеринин семинары

2019-жылдын 9-февралында Лейлек районунун Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинде райондун мектептеринин математика мугалимдери үчүн райондук усул каананын усулчулары тарабынан уюштурулуп даярдалган  “Математика сабагын өтүүдө окуучуларды кызыктыруу” атуу темада семинар өткөрүлдү. Семинардын негизги максаты окуучуларды математика сабагын окуп үйрөнүүгө  кызыктыруу жана интерактивдүү досканы колдонууну үйрөнүү болду.

Семинарга райондун ар бир мектебинин математика мугалимдери жана ошондой эле интерактивдүү досканы колдонууну үрөнүүгө кызыктар мугалимдер да катышышты.

Семинардын биринчи бөлүгүндө №5 гимназия мектебинин математика мугалими Шоруков Бакыт канткенде окуучуларды математика сабагын окууга  кызыктырууга боло тургандыгын айтып, математикалык амалдардын чыгарылышынын оңой, окуучуларга жеткиликтүү боло турган жолдорун көрсөтүп, смартфондорго интернет булактарынан атайын тиркемелерди жүктөп алууну сунуштады. Тиркемелерде иштөөнүн жолдорун көрсөттү.

Ал эми, семинардын 2 бөлүгүндө мугалимдер интерактивдүү доскалардын түрлөрү жана колдонуу жолдору менен таанышып, керектүү маалыматтарды алышты. 

Мындай иш чаралар мекептерде заманбап усулдарды колдонуу менен сабак өтүүгө шарт түзөт.

 

 

 

Материалды даярдаган 

Марина Сагалиева