Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун Максат орто мектебинде “Мыкты мугалим-2019” кароо сынагы

2018-жылдын 3-декабрь күнү Лейлек районунуна караштуу  Максат айылындагы Максат орто мектебинин Усулдук бирикмелеринин арасында  “Мыкты мугалим-2019” кароо сынагы өткөрүлдү. Мындай иш чараны өткөрүүнүн максаты мугалимдердин жумушка болгон кызыгуусун арттыруу, тажрыйбасын жайылтуу болуп саналат.  Кароо сынак мектептин окуу бөлүм башчысы тарабынан түзүлүп, өзүнө катышуучулардын өзүн-өзү тааныштыруусун, партфолиосун, ачык сааттын өтүлүшүн, 10 суроодон турган педагогика-психологиялык тестти, катышуучунун өз предмети боюнча 5 суроо, мастер классты камтыды. Мугалимдер өзүлөрүнүн чыгармачылыгын, өнөрлөрүн жана ушул убакытка чейин топтогон иш тажрыйбасын көрсөтө алышты. Кароо сынакта:

I орунга Рахманбердиева Шарифа,

II орунга Таджиев Жыргалбек ээ болушту. Жеӊүүчүлөр мектептин баштапкы профсоюз уюму жана жетекчилиги тарабынан баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Марина Сагалиева