Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун “Кара-Булак” орто мектебинде "Көркөм өнөр педагогдордун колу менен" атуу семинар өткөрүлдү

2019- жылдын 26- октябрында Лейлек районунун "Кара-Булак" орто мектебинде "Көркөм өнөр педагогдордун колу менен" аттуу райондук семинар болуп өттү.

Семинардын максаты жаш мугалимдерге илимий - теориялык, усулдук жардам көрсөтүү.

Иш чара Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулуп, ага ЛРБББнүн усулчулары, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин райондук комитетинин төрагасы жана райондогу мектептердин сүрөт мугалимдери катышты. Семинардын жүрүшүндө мектептин сүрөт, эмгек, технология мугалими Марипов Абдинаби Тойчубаевичтин "Мен иштеп жатканда эс алам, а бекерпоздукта чарчайм" деген улуу сүрөтчү Пабло Пикассонун сөзүн девиз катары тутуп, 36 жылдык ушул мектептеги иш тажрыйбасында топтогон өтө бай педагогикалык дүйнөсү менен , тагыраак айтканда, сүрөт, эмгек, чийүү предметтеринен окуучуларынын, шакирттеринин эмгектери, мугалимдин портфолиосу, агайдын жеке ийгиликтери, балдардын жетишкендиктери чагылдырылган көргөзмө менен коноктор таанышты. Андан соң, мугалимдин иш кааналары, темир, жыгач иштетүүчү устаканалары, андагы мектептин мурунку жетекчилеринин күчү менен алынып келинген, бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген жабдыктар, жаңы сатылып алынган керектүү эмгек куралдарына катышуучулардын назарына коюлду. "Талант, өнөр, ийгиликтин сырларын, бөлүшөбүз бүгүн куттуу сахнада"  деп аталган семинардын бөлүгү агайдын ишмердүүлүгү тууралуу "Ийгилик сырлары" деп аталган слайдды көрсөтүү менен башталып, 2017- жылдын декабрь айында КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, КТРК "Баластан" жана "Балажан" балдардын эстетикалык тарбия берүү борбору тарабынан уюштурулган "Эрудит" республикалык көркөм өнөр билермандарынын интеллектуалдык телеоюнунда "Талант тамчысы" тобунда мыкты оюн көрсөтүп, 1- орунду камсыз кылган Абдинаби Тойчубаевичтин окуучуларынын телеоюнунан үзүндү коюп берүү менен чыныгы устаттын чыгармачыл иши далилденди.

"Кара-Булак" орто мектебинин музыка мугалими Мамадов Жаныш даярдаган музыкалык номерлер жаш мугалимдердин аткаруусунда көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Тажрыйба алмашуу максатында келген мугалимдер үчүн "Эрудит" сынагы уюштурулуп, анда райондун жогорку, ортоңку жана ылдыйкы аймактарынан келген сүрөт мугалимдеринен түзүлгөн топторго теориялык, логикалык суроолор, кыл калем аркылуу дүйнөнү чагылдыра алуу жөндөмдөрүн текшерүүчү сүрөт тартуу тапшырмалары берилип, жыйынтыгында ылдыйкы аймактын сүрөт мугалимдери жеңүүчү деп табылды.

 

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева