Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун билим берүү мекемелеринде Искак Раззаковдун туулган күнү белгиленди

Райондун билим берүү мекемелеринде белгилүү коомдук ишмер Искак Раззаковдун туулган күнү ар кандай майрамдык, спорттук иш чаралар, ачык сааттар  уюштурулуп белгиленди.   

Мисалга алсак, Кулунду айыл аймагындагы Искак Раззаков атындагы орто мектебинде райондун окуучуларынын арасында кыргыздын улуттук “Тогуз коргоол” оюну боюнча райондун биринчилиги Раззаковду эскерүү, туулган күнун белгилөө, өспүрүм балдар арасында оюнду кеңири жайылтуу жана өркүндөтүү, окуучулардын достугун чыңдоо, ынтымакка чакыруу максатында өткөрүлүп, мелдешке төрт бала, төрт кыздан турган командалар катышып, жыйынтыгында балдар жана  кыздар командасынан  Раззаков атындагы орто мектебинин окуучулары биринчи орунду камсыздай алышты.

Белгилүү инсандын туулган күнү мектептерде гана белгиленбестен бала бакчаларда да кызуу белгиленип, Исфана шаар башкармалыгына караштуу бала бакчалардын тарбиялануучуларын Раззаковдун эстелигине алып келип, айкели менен тааныштырып, гүл коюу аземи болду.   Бала бакчаларда басып өткөн жолу, элине кылган кызматы, эмгеги, урпактарга калтырган акыл насааттарын камтыган темадагы ачык сабактар да  өткөрүлдү. 

Мындай иш чаралардын өткөрүлүп, белгилениши балдардын мекенчил, патриот инсандардан болуп калыптанышына түрткү болот деген чоң ишенич бар.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева