Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун “Бел-Алма” орто мектебинин ноябрь айындагы иш чаралары

Кыргызстан өзүнүн географиялык жайгашуусуна байланыштуу табигый кырсыктарга өзгөчө кабылган өлкө. Статистика боюнча республикабыздын аймагында жыл сайын 200гө жакын түрдүү мүнөздөгү кырсыктар катталат.

Калкка эн чоң коркунучту жер титирөө, жер көчкү, кар көчкү, сел, суу ташкыны, нөшөр, мөндүр, катуу шамал ж.б. жаратылыш кубулуштары туудурат. 

"Бел-Алма" орто мектебинде жогоруда айтылган өзгөчө кырдаалдар коркунучунда мектеп кызматкерлери жана окуучулары коргонуу ыкмаларын, алгачкы жардам көрсөтүү ыктарын, коргонуунун жамааттык жана жеке каражаттарын пайдаланууга канчалык денгээлде даярдыгы бар экендигин текшерүү максатында  Улуттук Кызыл Жарым Ай Коомунун Баткен областтык өкүлчүлүгү менен биргеликте окуу жана машыгуу иш чарасын өткөрүлдү.

28-ноябрь күнү өткөрүлгөн  симуляциялык окууга мектеп жамааты жана окуучуларынан тышкары Кулунду айыл өкмөтүнүн, өрт өчүрүү кызматынын, ӨКМнын, тез жардам кызматынын өкүлдөрү катышты.

Окуучулардан уюштурулган "Куткаруучулар тобу" мыкты даярдыгын көрсөтүп, жабыркагандарга алгачкы жардам  жана кооптуу жерлерден алып чыгууга көмөк көрсөтүштү.

Себеби,  биринчи жардам көрсөтүүнүн сапатынан жана өз учурунда көрсөтүлүшүнөн жабырлануучунун кийинки ден соолугунун абалы, анын өмүрү да көз каранды экенин эске тутуу зарыл экендигин буга чейинки окууларда окуучулар окуп үйрөнүшкөн.

Ошондой эле, 27-ноябрь күнү мектепте 11-класстар тарабынан 1-декабрь -Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күнүнө карата уюштурулган “СПИД-XXI кылымдын коркунучу” деген темада диспут өткөрүлдү.

Диспутка 9-10-11-класстардын окуучулары катышып, коркунучтуу илдеттин алдын алуу, оорунун жугуу жолдору, сергек жашоо мунөзү боюнча берилген ар кандай суроо тапшырмаларга жооп беришип, активдүүлүгүн көрсөтүштү.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева