Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун “Баластан” балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунун Балаты -2019 майрамы

2018-жылдын 23-декабрь күнү Лейлек районунун “Баластан” балдардын билим берүү, чыгармачылык борборунун жаңы жылдык балаты майрамы болуп өттү.

Майрамга жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана ийримге катышкан окуучулардын ата-энелери катышып,  иш чара уюшкандыкта маскарапоздордун, ыр, бийлердин коштосунда  жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Борбор 1994-жылдан баштап балдарга билим берип, чыгармачылыгын өркүндөтүп, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Тарбиялануучулардын саны быйылкы окуу жылына 851 баланы түзөт. Борборду “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин, көптөгөн “Ардак грамоталардын” ээси Туркбаева Нүргүл Эгемназаровна  жетектейт.  Борбордо ыр, бий (хореография), шахмат, кол өнөрчүлүк жана тил багытындагы жалпысынан 24 ийрим өткөрүлөт. Аталган ийримдер балдардын билимин тереңдетүүгө жана бош убакытын туура пайдаланууга жардам  берет.

 

Материалды даярдаган Марина Сагалиева