Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунун “Ай-көл” балдар бакчасына 10 жыл

2018-жылдын 19-декабрь күнү Лейлек районунун билим берүү бөлүмүнө караштуу “Ай-көл” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жамааты 10 жылдыгын белгилешти. Бала бакчада 50 бала тарбияланып, 3 тарбиячы эмгектенет. Мекемени Аялдар конгрессинин “Ардак грамотасынын”,  жергиликтүү бийликтердин “Ардак Грамоталарынын” ээси Мариям Мингбаева ачылгандан баштап жетектейт.  Бала бакчанын жамааты  2008-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, мектепке чейинки билим берүүгө зор салымын кошуп келет.  

Бир нече Эл аралык уюмдар менен иш алып барат. Эл аралык уюмдар менен иштешүүдө жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтө алышты.

Майрамга райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, райондун айрым бала бакча башчылары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү чакырылып, иш чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Ишинде өзгөчөлөнгөн кызматкерлер билим берүү бөлүмү жана айыл өкмөтү тарабынан “Ардак грамоталар” менен сыйланышты.

Даярдаган Марина Сагалиева