Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунда мугалимдердин жайкы секциялык иштери

2019-жылдын 22-23-август күндөрү Лейлек райондук билим берүү бөлүмү жана окуу улулдук каанасы тарабынан мугалимдердин “Кыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттары” аттуу темада жайкы секциялык иштери 2 зонага бөлүнүп  өткөрүлдү.

22-август күнү Кулунду айыл аймагына караштуу “Кыргызстандын 40 жылдыгы” орто мектебинде, 23-август күнү Исфана шаар башкармалыгына караштуу Исфана орто мектебинде жалпы 1430 мугалимдин катышуусу менен өттү. Ошондой эле,  окуу бөлүм башчылары, тарбия иштер боюнча директордун орун басарлары, китепканачылар да катышышты.

Иш чара Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагында жүрүп жаткан реформаларды, санарип технологияларын ишке ашыруу жана билим беүүнүн жаңы стандарты, базистик окуу планын мугалимдерге жеткирүү максатында өткөрүлдү.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева