Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунда мугалимдердин кышкы секциялык иштери өткөрүлдү

2019-жылдын 10-11-январь күндөрү Лейлек райондук билим берүү бөлүмү жана окуу улулдук каанасы тарабынан мугалимдердин кышкы секциялык иштери 2 зонага бөлүнүп  өткөрүлдү.

10-январь күнү Кулунду айыл аймагына караштуу В.И.Ленин атындагы орто мектебинде  417 мугалим катышуусу, 11-январь күнү Исфана шаар башкармалыгына караштуу А.Навои атындагы орто мектебинде 704 мугалимдин катышуусу менен өттү. Ошондой эле,  окуу бөлүм башчылары, тарбия иштер боюнча директордун орун басарлары, китепканачылар да катышышты.

Иш чаранын жүрүшүндө окутуунун жаңы стандарттары, мектептердеги жүргүзүлүп  жаткан мониторингдин түрлөрү, жүргүзүү жолдору, тестирлөөлөрдүн, олимпиадалардын  жыйынтыктары, натыйжалары, окуу бөлүм башчылардын, мугалимдердин өз билимин өркундөтүүсү, 2018-2019-окуу жылында бардык предметтер боюнча программа жана календардык пландар боюнча ой бөлүшүүлөр жана талкуулар болуп  өттү.  

“Энелер мектебин” кайрадан жандандыруу, китептерди ижарага берүү ж.б.у.с ар түрдүү маселелер да каралып кеңири талкууга алынды.

 

Материалды даярдаган Марина Сагалиева