Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНДА "ЭРТЕ ЖАШ КУРАКТАГЫ БАЛДАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ МАКСАТЫНДА ОЮН АЯНТЧАЛАРЫН УЮШТУРУУ"

Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата энелердин руханий байлыгын өнүктүрүү, ата-энелердин көңүлүн эрте курактагы балдарынын таалим-тарбиясына буруу, бакчага тартылбаган аярлуу катмардагы балдарды мектепке чейинки билимди алууга жана коомго кошулууга, өз курактуу балдар менен мамиле түзүп, ойноого тарбиялоо максатында  16-февраль күнү Исфана шаар башкармалыгына караштуу Голбо айылындагы "Керемет-Голбо" балдар бакчасында семинар-тренинг болуп өттү.

Семинарда Тренер-Аниматор Аида Сайдалиева районубуздун мектепке чейинки мекемелеринин тарбиячыларына проект менен тааныштырды. Андан кийин "Энелер мектеби" жана "Оюн аянтчалары" проектисинин айкалыштырып иштөөнүн пайдалуулугу боюнча аталган балдар бакчасынын жетекчиси Жүмагүл Тилекеева сабак лекция өттү. Акырында бала бакча тарбиячылары эки топко бөлүнүп, оюн аянтчаларында ойнолуучу оюндардан практика жүзүндө көрсөтүп беришти. 

Жыйынтыгында райондук билим берүү бөлүмүнүн усулдук каанасынын башчысы Назипат Эралиева бул проект ата-энелер менен бакчанын байланышын өөрчүтө турган проект экенин, мындан ары да башка бала бакчаларга жайылтууга көмөктөшөрүн айтып, тренер-аниматор Аида Сайдалиевага ыраазычылык билдирди. 

 

Материалды даярдаган 

Марина Сагалиева