Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районунда “Энелер мектеби” программасын ишке ашыруу

Лейлек районунун мектептери “Энелер мектеби” программасын ишке ашыруу максатында районго караштуу 10 айыл өкмөттөн райондук билим берүү бөлүмү тарабынан  10 мектеп тандап алынып, 2019-жылдын 12-февраль күнү ар биринде семинарлар өткөрүлдү.

Семинарларга  райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери бардык мектептердин жетекчиликтери, организаторлору, соц. педагогдору, окуучулардын энелери катышышып иш чаралар жогорку деңгээлде өттү.

“Энелер мектеби” программасын жандандырып, ишке ашыруу, мектеп менен энелердин ортосундагы байланышты чыңдоо,  энелердин баланын тарбияланышына жана  билим алуусуна кошкон салымы сыяктуу темалар максат катары алынып, иш чаралардын жүрүшүндө балдар менен энелердин катышуусунда ар кандай оюн-зооктор уюштурулду.

Семинарлардын ичинен Тогуз-Булак орто мектебинде өткөрүлгөн семинар өзгөчө болду десек болот. Себеби, семинарга №3 гимназия мектебинин директору, КРнын эмгек сиңирген мугалими “Энелер мектебинин” негиздөөчүсү Г.Мадаминов, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы А.Бердиев ошондой эле, М.Жороев агайларыбыз катышып катышуучуларга “Энелер мектеби” тууралуу кеңири, жеткиликтүү маалымат беришип, балдар тарбиясындагы көйгөйлөр жана алардын алдын алуу, чечүү жолдоруна өзгөчө көӊүл бурулду.

 

Материалды даярдаган 

Марина Сагалиева