Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районуна караштуу МЧББМде жаңы кошумча имараттардын ачылышы

Лейлек районуна караштуу МЧББМде жаңы кошумча имараттардын ачылышы

 

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрь күнү Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу айрым мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жаңы курулган кошумча имараттардын ачылышы болду.

Атап айтканда, Миң-Жыгач айылындагы “Нур”, Кулунду айылындагы “Бурул эне”, Эски-Ооочу айылындагы “Көгүчкөн” балдар бакчаларында кошумча жаңы тайпалар ачылды.

Иш чарага райондук администрациясынын башчысы-аким, орун басары, билим берүү бөлүмүнүн башчысы, билим жана илим кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевичтер катышып, бакчалардын жалпы жамааттарынын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалап, имараттардын курулушуна салымын кошкондорго терең ыраазычылыгын билдиришти.