Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек районун Андархам айылында “Андархам нуру” атуу жаңы бала бакча ачылды

2018-жылдын 12-январь күнү Лейлек районунун Бешкент айыл аймагына караштуу Андархам айылында “Андархам нуру” аттуу жаңы бала бакчанын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш чарага райондук администрациясынын башчысы-аким Бекмуратов Баймурат Асатович, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеемуратов Улукбек Имматович,  жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ошондой эле Бешкент айыл аймагына караштуу билим берүү мекемелеринин жеткчилери катышышты.

Бала бакча Бешкент айыл өкмөтүнүн колдоосу менен 60 орунду учурдун талабына жооп берерлик болуп курулуп колдонууга берилди.

Жаңы жылда жаңы бала бакчанын ачылышы айылдын тургундары үчүн чоң кубаныч тартуулап, тургундардын көпчүлүгү иш чарага катышып, бала бакчанын ачылышына көмөк көрсөтүп, колдоого алып, салымын кошкондорго ыраазычылыгын билдиришти.

Лейлек районунда 2018-2019-окуу жылына карата жалпысынан 4 жаңы бала бакча ишке берилди.

 

Материалды даярдаган Марина Сагалиева