Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек райондук комитети тарабынан "Брейн - Ринг" интеллектуалдык оюну өткөрүлдү

Лейлек райондук билим берүү бөлүмү жана  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитети тарабынан, 23 - февраль - Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата билим берүү мекемелеринин жетекчилери (мектеп директорлору) арасында "Брейн - Ринг" интеллектуалдык оюну болуп өттү.
"Брейн - Ринг" интеллектуалдык оюну мектеп директорлорунун укуктук билимдерин, компетенттүүлүктөрүн арттыруу жана билим берүү тармагындагы укуктук ченемдик актылары боюнча билимдерин өнүктүрүү максатында өткөрүлдү. Сынак майрамдык маанайда,  жогорку деңгээлде уюштурулуп, кызыктуу болду деп кошумчалайт оюндун катышуучусу, директорубуз Шооруков Жаныбек Абдибахапович.
Өздөрүнүн мыкты иш - билгилиги, өзгөчө аракети менен:
1-орунду ылдыйкы аймактагы мектеп директорлорунан түзүлгөн "Келечек" тобу
2-орунду жогорку аймактагы мектеп директорлорунан түзүлгөн "Кыраандар" тобу
3-орунду ортонку аймактагы мектеп директорлорунан түзүлгөн "Манас Ордо" тобу камсыз кылды.