Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн мектеп директорлорунун Кеңеши

2019-жылдын 21-февраль күнү Исфана шарындагы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебинде Лейлек районунун мектептеринин директорлор кеңеши болуп өттү. Кеңешке билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, билим жана илим кызматкелеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы, 67 мектептин директорлору катышышты.

Иш чаранын башталышында райондун турак жайды камсыздандыруу бөлүмүнүн кызматкерлери турак жайды камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билим берүү тармагынын кызматкерлерине жеткирүүнү суранып өтүштү.

Андан соң, күн тартибиндеги маселелер каралып, март айында өтө турган Республикалык олимпиада боюнча башкы адис Саюнов Гапарбек Абдусаламович кеңири маалымат берип, комиссия курамына сунушталгандардын тизмеси менен тааныштырып, олимпиадага чоң жоопкерчилик менен мамиле  кылууну талап кылды. Ошондой эле, кадрлар бөлүмүнүн башчысы жетектөөчү адис Джураева Гүлназ Жееналиевна кадр маселелерине токтолуп өттү,  окуу усулдук каананын башчысы Эралиева Назипат Сатикуловна буга чейин өткөзүлгөн иш чаралар жана алдыда пландаштырылып жаткан иш чаралар  боюнча маалымат берди.

Кеңеш каралаган маселелерге тиешелүү чечимдер кабыл алынып, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеемуратов Улукбек Имматович тараптан мырзалардын алдыдагы келе  жаткан майрамына карата айтылган куттуктоо сөзү менен жыйынтыкталды.

 

 

Материалдя даярдаган:

Марина Сагалиева